Транспорт министрлиги техникалык базасын жаңылоодо

Транспорт министрлиги техникалык базасын жаңылоодо

Техникалык базаны жаңылоо менен катар жолчулардын жумушун жеңилдетүү максатында 2024-жылы бюджеттин эсебинен 453 атайын техника сатып алынган. Аларга самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, автобетон аралаштыргычтар, экскаватор жана башкалар кирет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-2023-жылдар аралыгында жалпысынан 297 даана техника алынган.

Мындан тышкары, 2025-2026-жылдары япониялык JICA агенттигинин колдоосу менен 48 даана, Кытай мамлекетинин гранттык колдоосунун алкагында 144 даана, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 69 даана, Корея өнүктүрүү фондунун эсебинен 223 даана техниканы жана жабдыктарды алуу пландалууда. Жыйынтыгында, 2023-2026-жылдар аралыгында министрликтин техникалык базасы 1234 даана жаңы техника жана жабдыктар менен толукталат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы

Осло шаары дүйнөнүн эң таза шаарларынын бири болду

Осло шаары дүйнөнүн эң таза шаарларынын бири болду

Британиялык Iglu Cruise компаниясы дүйнөдөгү эң экологиялык таза шаарлардын рейтингин жарыялады. Тизменин сап башына Норвегиянын Осло шаары жайгашканын АЗЕРТАЖ жазды. Аталган шаар абасынын тазалыгы жана тургундардын 95%ы жашыл аймактарга жакын жашаганы үчүн биринчи болду. Литванын борбору Вильнюс шаары экинчи орунду ээледи. Шаардын 61%ын жашыл аймактар түзөт. Ошондой эле

ЖККББнын формалык кийимдерине 10 млн 335 миң сом жумшалат

ЖККББнын формалык кийимдерине 10 млн 335 миң сом жумшалат

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын формалык кийимдерин сатып алуу боюнча тендер жарыяланды. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 10 млн 335 миң сом жумшоо пландалууда. Анын ичинен 6,4 млн сом куртка жана шым (жалпы 1 950 даана) сатып алууга, ал эми 3,9 млн