Бишкек-Ош жолундагы эски парапеттер алмаштырылууда
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы №9 Жол тейлɵɵ ишканасы табанын Бишкек-Ош авто жолунун Сосновка постунан Тɵɵ-Ашуунун түшɵ беришине чейинки (80-139 км аралыгы) жол участогуна коопсуздукту алдын алуучу парапеттерди алмаштыруу иштери аткарылууда.
Министрликтин малыматына ылайык, жалпысынан 200 даана парапет орнотуу каралган. Учурда 175 орнотулду.
Белгилей кетсек, аталган парапеттер Бишкек-Ош жолунун реконструкциясынан бери дээрлик 20 жылдан ашуун алмаштырылган эмес.