Бишкек коомдук транспортунда 667 айдоочу жетишпейт
Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев 27-ноябрда шаардык коомдук транспорт айдоочулары менен жыйналыш өткөрдү.
Мэриядан билдиришкендей, вице-мэр, Транспорт департамантинин өкүлдөрү, "Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери айдоочулардын сунуштарын, пикирлерини угушуп, көйгөйлөрдү талкуулашты.
Жыйында айдоочулардын жетишсиздиги, айдоочулар тарабынан накталай төлөм жүргүзүүнү алып салуу, жол эрежелерин бекем сактоо, маяналарды жогорулатуу жана айдоочулардын эмгек шартын жакшыртуу темалары талкууланды.
Учурда Бишкекте 667 айдоочу жетишпейт. Сентябрь айында жарым жыл ичинде коомдук транспорттун 730 айдоочусу жол эрежесин бузгандыгы жана жүргүнчүлөргө талаптагыдай мамиле кылбагандыгы үчүн иштен алынганы маалымдалган.