Ала-Бука – Таш-Көмүр жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлүүдө
Ала-Бука – Кербен – Таш-Көмүр мамлекеттик маанидеги унаа жолунда асфальт төшөө иштери улантылууда. Жол оңдоо иштерин "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасынын №38 жол тейлөө мекемеси аткарууда.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда 126-чакырымдан 129-чакырымга чейинки аралыкта асфальт төшөө иштери жүрүп, жалпы 3 чакырым жол жаңыланууда. Бул участоктун абалы буга чейин өтө начар болгондуктан, оңдоо иштери нөлдөн баштап кайра жасалып жатат.
Жолдун сапатын жакшыртуу аймактагы каттамдарды жеңилдетип, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана транспорт байланышын жогорулатары белгиленет.