Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы унаа жолу пайдаланууга берилди

Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы унаа жолу пайдаланууга берилди

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы унаа жолу пайдаланууга берилгенин билдирди.

Президенттин тапшырмасы менен Сары-Талаа айылынан баштап Кызыл-Ташка чейинки узундугу 11 чакырым, туурасы 3-4 метр болгон кууш жолдун туурасы 6 метрге кеңейтилип, Кызыл-Таштан Зардалы айылына чейинки 7 чакырым жол жаңыдан курулуп, Кожешкен дарыясы аркылуу узундугу 30 метр болгон темир көпүрө курулуп, автоунаа каттамы камсыздалды.

Жаңыдан курулган жолдун долбоору боюнча, жол 26 чакырымга кыскарды.
Ошондой эле жыл бою автоунаа каттамы камсыз кылынат, себеби бул бөлүктө кар дээрлик турбайт. Жалпы узундугу 18 чакырым болгон Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы автожолунун курулушунун баасы 888,9 млн. сом.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 29-сентябрында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Зардалы айылында эл менен жолугушуу учурунда Зардалы айылына 2025-жылы жол курула тургандыгын айткан.

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17