Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
Бүгүн, 24-декабрда саат 13:00дөн тартып, Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу Сосновка постунан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кар тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик айдоочулардан тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тартууда унаа дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүңүздөрдү өтүнөбүз.