Транспорт министрлигинин бир катар жооптуу кызматкерлерине сөгүш берилди

Транспорт министрлигинин бир катар жооптуу кызматкерлерине сөгүш берилди

Бүгүн, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы алдындакезектеги аппараттык жыйын өткөрүлдү. Жыйынга министрликке караштуу түзүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана борбордук аппараттын бөлүм башчылары катышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чарада Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол автожолунун курулушу негизги тема болду. Министрдин биринчи орун басары, Жол чарба департаментинин директору жана долбоорлоо институтунун жетекчилерине сөгүш берилдиен.

Абсаттар Сыргабаев аталган жолдун курулушун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлгө алганынайтып, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, министр кышкы мезгилде жолдорду тейлөө жана абалын көзөмөлдөө маселесине токтолуп, жоопкерчиликсиз жетекчилерге карата кызматын тапшыруу чараларын талап кылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто кайгуул кызматына 5 кызматтык унаа тапшырылды

Ошто кайгуул кызматына 5 кызматтык унаа тапшырылды

Бүгүн Ошто Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө президенттин атынан Changan үлгүсүндөгү 5 кызматтык унаа берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кызматтык унаалардын ачкычын мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырды. Мындан тышкары, быйыл шаар аймагына видеокөзөмөл камераларын орнотуу үчүн 5 млн сом акча каражаты бөлүнгөнү белгиленди. Белгиленгендей, буга чейин да кайгуул

Соцфонд: Пенсиялык топтоо каражаттарын 226 миңден ашык адам алды

Соцфонд: Пенсиялык топтоо каражаттарын 226 миңден ашык адам алды

Кыргыз Республикасынын жарандары пенсиялык топтоо каражаттарын ар кандай кырдаалдарда пайдалана алышарын Социалдык фонд билдирди. Аларга төмөнкүлөр кирет: 1. Пенсия курагына жеткендерге төлөө – жеке эсептердеги каражаттар пенсия катары берилет. 2. Чет өлкөдө туруктуу жашоо – өлкөдөн чыгып кеткен жарандар да топтомолорун ала алышат. 3. Мураскорлор – каза болгон жарандын топтолгон каражаты мураскорлоруна төлөнөт.

Ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруу үчүн жаңы жабдыктар алынды

Ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруу үчүн жаңы жабдыктар алынды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруу үчүн заманбап жабдык-шаймандар менен камсыз болду. Жабдык-шаймандарды министрликтин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев жеринде текшерип, долбоордун жүрүшү жана жабдыктардын сапаты менен таанышты. Аларды Дүйнөлүк банк каржылаган

Инвестициялардын көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 2025-жылы 12,4% өстү

Инвестициялардын көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 2025-жылы 12,4% өстү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бүгүн маалымат жыйынын уюштурушту. Анын жүрүшүндө, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров эл аралык багыттагы ченемдик базаны түзүү боюнча активдүү иш жүрүп жаткандыгын, тактап айтканда чет мамлекеттер менен инвестицияны колдоо жана өз ара коргоо борюнча 12 келишим