Былтыр “Кыргыз темир жолу” 420 миңден ашык жүргүнчү ташыган

Былтыр “Кыргыз темир жолу” 420 миңден ашык жүргүнчү ташыган

“Кыргыз темир жолу” ишканасы өткөн жылы 420 миңден ашык жүргүнчүнү ташыганын билдирди.

Ишкана өлкө ичинде Бишкек-Токмок, Бишкек-Кайыңды жана жайкысын Бишкек-Балыкчы багыттарында, ошондой эле өлкө чегинен тышкары Бишкек-Казань жана Бишкек-Москва багыттарында туруктуу каттамдарды камсыз кылууда.

2025-жылы Токмок жана Кара-Балтадан Бишкекке күн сайын жумушка келген жарандардын ыңгайын эске алуу менен поезддердин кыймыл графиги жаңыртылып, өз убагында жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жалпысынан өткөн жылы 420 миңден ашык жүргүнчү ташылды.

Бишкек-Балыкчы багытында эки жогорку комфорттуу ВИП-вагон пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, ишкана алты вагонду модернизациялап, өздүк вагон-генераторун иштеп чыкты.

Туризмди өнүктүрүү максатында Балыкчынын борбордук пляжына жетүүчү 6 км темир жол тилкеси капиталдык оңдодон өткөрүлдү. Ошондой эле 10 жуп туристтик поезд уюштурулуп, Бишкек-2 жана Балыкчы бекеттеринде туристтерди салтанаттуу тосуп алуу уюштурулду.

Мындан тышкары окуңуз

"Достук" чек ара бекетинен 22 тонна малдын тузу артка кайтарылды

"Достук" чек ара бекетинен 22 тонна малдын тузу артка кайтарылды

Ош шаарындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Өзбекстандан ташылып келе жаткан 22 тонна малдын тузу Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жүк Чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан текшерилип, анын жүрүшүндө Евразия

Асыл тукум чарбаларды каттоо бирдиктүү системасы иштелип чыкты

Асыл тукум чарбаларды каттоо бирдиктүү системасы иштелип чыкты

Кыргызстанда асыл тукум чарбаларды жана жасалма уруктандыруу пункттарын эсепке алуу жана каттоо боюнча бирдиктүү система иштелип чыкканын Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди. Система асыл тукум чарбалардын макамын ыйгаруу, тастыктоо жана өзгөртүү үчүн онлайн-арыздарды кабыл алууга, ошондой эле электрондук сертификаттарды берүүгө мүмкүндүк түзөт. Ошондой эле асыл тукум чарбаларды

Президент мамлекеттик "Кыргыз Туусу" жаңы басма үйүн түзүү жарлыгына кол койду

Президент мамлекеттик "Кыргыз Туусу" жаңы басма үйүн түзүү жарлыгына кол койду

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик "Кыргыз Туусу" аттуу жаңы басма үйүн түзүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Документ мамлекеттик маалыматтык саясатты өнүктүрүүгө, полиграфиялык базаны чыңдоого, мамлекеттик ЖМКлардын ишин туруктуу кылууга жана бюджеттик чыгымдарды оптималдаштырууга багытталган. Жарлыкка ылайык, бир катар мамлекеттик медиа жана басма түзүмдөрү бириктирилет. Алардын негизинде мамлекеттик "Кыргыз

К.Туманбаев КТБларда онлайн кызматтарды күчөтүү тапшырмасын берди

К.Туманбаев КТБларда онлайн кызматтарды күчөтүү тапшырмасын берди

Кечээ Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев республикадагы Калкты тейлөө борборлорунун иши менен таанышты. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Узак майрамдык дем алыштардан кийин борборлордо жарандардын агымы көбөйгөнү байкалган. Туманбаев борборлордун ишин күчөтүү, зарыл учурда кызматкерлердин санын көбөйтүү жана жарандарга онлайн-кызматтарды өздөштүрүүгө активдүү жардам көрсөтүү тапшырмасын берди. Эгер