Бир аптада мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга 80 миңдей арыз түштү

Бир аптада мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга 80 миңдей арыз түштү

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордо күтүүсүз текшерүү жүргүздү. Текшерүүдө көрсөтүлүп жаткан кызматтардын уюштурулушу жана коопсуздук талаптары каралды.

Туманбаев белгилегендей, эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдө жарандардын 20–30 жыл мурдагы сүрөттөрү колдонулуп, жеке адамды так аныктоо кыйын болуп жатат. Ошондой эле мындай документтерде коргоо элементтери жетишсиз, оңой жасалмаланып, коопсуздукка коркунуч жаратарын кошумчалады. Эски күбөлүктөр чет өлкөлөрдө мыйзамдуу документ катары таанылбайт.

Бул маселени чечүү максатында Туманбаев айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана транспортту каттоо иштерин санариптештирүү, санарип кызматтарды кеңейтүү жана маалымат базасын толук жаңылоо боюнча тапшырмалар берди.

Маалыматка ылайык, 15–21-январь аралыгында мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча жалпы 78 959 арыз катталган: онлайн форматта — 46 431, офлайн форматта — 32 528 арыз. Бул көрсөткүч жарандардын документти алмаштырууга кызыгуусу жогору экенин көрсөттү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей