Транспорт министрлиги 2026-жылы кайсы жолдор куруларын маалымдады
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы бир катар маанилүү жол куруу долбоорлорун ишке ашырууну пландап жатканын министрликтин басма сөз кызматы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча билдирди.
2026-жылы ишке ашырылуучу долбоорлор:
- "Манас" аэропорту — "Бишкек" эркин экономикалык аймагы — "Ала-Арча" суу сактагычыавтожолун реконструкциялоо (11 км);
- Профсоюз көчөсү аркылуу Кустанай көчөсүнөн МАИ постуна чейинки айланма жолду куруу (8,5 км);
- Жаңы Ош базарына жана Батыш автобекетине алып баруучу жолдорду куруу (8,7 км);
- Ош — Сары-Таш — Иркештам автожолун капиталдык оңдоо (61 км);
- "Жыргалаң" тоо-лыжа базасына ("Ала-Тоо Резорт") баруучу жолду долбоорлоо жана куруу;
- Бишкек — Ош унаа жолун оңдоо (45 км);
- Чолпон-Ата шаарынын айланасына жаңы төрт тилкелүү жол куруу (14,5 км);
- Семеновка — Ак-Суу жана Григорьевка — Кол — Кашка-Суу жолдорун асфальттоо (34 км).
Ошондой эле министрликте уланып жаткан долбоорлор да белгиленди:
- Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолу;
- Арашан — Чункурчак автожолу;
- Лебединовка — ГЭС-5 унаа жолу;
- Бишкек — Кант автожолу;
- Нарын — Баетово жолу;
- Бишкек — Кунтуу — Шопоков трассасы;
- Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автожолу;
- Балыкчы — Боконбаево — Каракол жолу.