Транспорт министрлиги өткөн жылы 1 млрд 167 млн сом киреше тапты

Транспорт министрлиги өткөн жылы  1 млрд 167 млн сом киреше тапты

Транспорт министрлиги 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарып, транспорт тармагындагы кирешелердин кескин өскөнүн билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, лицензияларды жана уруксат кагаздарын берүүдөн, салмактык параметрлерди өлчөөдөн, габариттен ашкан жүктөрдү ташууга атайын уруксаттарды тариздөөдөн, келтирилген зыянды өндүрүүдөн жана административдик айып пулдардан түшкөн жалпы киреше 1 млрд 167 млн 399 миң сомду түзгөн. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы бул көрсөткүч дээрлик үч эсеге аз болуп, 398 млн 886 миң сомду түзгөн.

2025-жылы Кыргызстан 41 мамлекеттен эл аралык автоташуулар үчүн 222 миң 20 уруксат кагазын алган.

Негизги жетишкендиктердин бири катары Азербайжан, Өзбекстан, Түркия жана Кытай менен уруксат кагаздарын алмашуу боюнча E-permit санариптик системасынын киргизилиши белгиленди. Учурда бул процесс толугу менен электрондук форматка өткөрүлүп, кыргызстандык ташуучулардын ишин жеңилдетип, каржылык чыгымдарды азайтты.

Мындан тышкары, ири өлчөмдөгү жана оор жүктөрдү ташууга атайын уруксаттарды электрондук түрдө берүү системасы ишке кирди. Ташуучулар — ата мекендик да, чет өлкөлүк да — арыздарды уюлдук телефон аркылуу берип, уруксаттарды 1–3 сааттын ичинде онлайн форматта ала алышат.

Министрликте белгилешкендей, тармакты санариптештирүү коррупциялык тобокелдиктерди азайтууну улантып, процесстерди ылдамдатууда жана бизнес менен эл аралык логистика үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"

Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди

Бишкекте жаңы “Ордер” санариптик системасы ишке кирди

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы жаңы "Ордер" маалыматтык системасы ишке киргизилгенин расмий түрдө билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Аталган система шаар аймагында жүргүзүлүүчү жер казуу иштерине жана башка иш-чараларга ордерлерди тариздөө, макулдашуу жана эсепке алуу процесстерин толугу менен санариптештирүү максатында иштелип чыккан.