Дональд Трамп АКШ менен Канаданы бириктирген көпүрөнү бөгөттөөрүн билдирди

Дональд Трамп АКШ менен Канаданы бириктирген көпүрөнү бөгөттөөрүн билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп АКШ менен Канаданы байланыштырган жаңы унаа көпүрөсүн "бардыгы үчүн толук компенсация" алгыча бөгөттөйм деп коркутту.

"Мен бул көпүрөнүн ачылышына жол бербейм, эгерде АКШ аларга берген бардык нерсе үчүн толук компенсация албаса жана эң негизгиси, Канада АКШга биз татыктуу болгон адилеттүүлүк жана урмат менен мамиле кыла баштамайынча", — деп жазды Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында.

Долбоордун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, көпүрө Канаданын өкмөтү тарабынан каржыланган, бирок ал Канаданын жана Мичиган штатынын биргелешкен мамлекеттик менчиги болуп саналат.

Детройт дарыясы аркылуу өткөн көпүрө расмий сыноолордон жана бекитүүлөрдөн кийин 2026-жылдын башында кыймылга ачылат деп күтүлүп жаткан. Курулуш иштери 2018-жылы башталган, бирок бул долбоор он жылдан ашык убакыттан бери эки өлкө ортосунда талаш жаратып келгенин "Би-би-си" жазат.

Canadian Broadcasting Corporation’дын баалоосуна ылайык, көпүрөнүн курулушу 6,4 млрд канадалык долларга (4,7 млрд АКШ доллары) түшкөн. Truth Social’дагы билдирүүсүндө Трамп АКШ бул активдин "кеминде жарымына ээ болушу керек" экенин да белгиледи.

Долбоордун сайтына ылайык, көпүрөнү Windsor–Detroit Bridge Authority уюму куруп жатат. Бул уюм толугу менен Канаданын өкмөтүнө таандык.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"