Баткен облусуна 43 жол куруу техникасы тапшырылды

Баткен облусуна 43 жол куруу техникасы тапшырылды

Бүгүн Баткен облусуна 43 жол куруу техникалары тапшырылганын президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Техникалар Япониянын JICA агенттигинин колдоосу менен сатып алынып, "Баткен облусунун унаа жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу" долбоорунун алкагында Япониянын JICA агенттигинин колдоосу менен берилди.

Ошондой эле Баткен районунда саатына 35 тонна өндүрүмдүүлүккө ээ асфальт-бетон заводу ачылды.

"Биз бул кызматташууну жогору баалайбыз, анткени Япония биздин өлкөдөн алыс жайгашканына карабастан, ар дайым биздин жаныбызда экенин далилдеп турат. JICA агенттиги бардык багыттарда өнөктөштүктү кеңейтүүдө ишенимдүү өнөктөш экенин белгиледи", - облус башчысы Айбек Шаменов.

Белгилей кетсек, асфальт-бетон заводунун ишке кириши жаңы жолдорду куруу, оңдоо үчүн керектүү материалдарды өз убагында жана сапаттуу камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ал эми заманбап жол-транспорт техникалары жолдорду тейлөө иштерин кыйла ылдамдатат.

2025-жылы Баткен облусунда 84 чакырым жол асфальтталып, 56 чакырым шагыл жол курулган. Ал эми быйыл 300 чакырым жолду асфальттоо жана 100 чакырым жолго шагыл төшөө каралып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

"Үмүт үйүнө" 2 млн сомдон ашык камсыздандыруу сертификаты тапшырылды

"Үмүт үйүнө" 2 млн сомдон ашык камсыздандыруу сертификаты тапшырылды

11-февралда Бишкек шаарынын мэриясында "Үмүт үйү" социалдык стационардык мекемесинин директоруна 2 020 311,73 сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу сертификаты тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Сертификатты Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков тапшырышты. Мэр мүлктү өз убагында камсыздандыруунун маанилүүлүгүн

Башкы прокуратура жана ЕККУ адам сатууга каршы аракеттерди күчөтүүнү талкуулады

Башкы прокуратура жана ЕККУ адам сатууга каршы аракеттерди күчөтүүнү талкуулады

КРнын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Атайын өкүлү жана координатору Кэри Джонстон менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жолугушууда адам сатууга каршы аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Анын ичинде мындай кылмыштарды аныктоо жана иликтөө механизмдерин өркүндөтүү, жабырлануучулардын укуктарын коргоо жана

Былтыр Алматыга келген туристтер 2 миллионго жакындаган

Былтыр Алматыга келген туристтер 2 миллионго жакындаган

2025-жылы Алматыга туристтердин агымы көбөйгөнүн Казинформ кабарлады.  Өткөн жылдын алгачкы тогуз айында шаарга дээрлик 1,87 млн адам келген, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8%га көп. Алардын ичинен 563 миңден ашыгы чет элдик туристтер, ал эми дагы 1,3 миллиону ички саякатчылар болгон. Шаардын туризм башкармалыгынын маалыматы боюнча, тармакка

Таласта төө буурчактан башка өсүмдүктөрдү да айдоо сунушталды

Таласта төө буурчактан башка өсүмдүктөрдү да айдоо сунушталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Талас облусундагы дыйкандарды төө буурчактан башка өсүмдүктөргө өтүүгө чакырып жатканын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 11-февралдагы жыйынында сүйлөп жатып быйыл төө буурчактын баасы боюнча көйгөй бар экенин, ал өсүмдүктү кайра иштетип экспорттоо каралып жатканын тактады. “Биз азыр төө