Ж.Токторбаев өзүнө белекке келген унааны мэрияга берди
Ош шаарынын мэрине Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү автоунаа белекке берилди. Ал унааны муниципалитеттин балансына өткөрдү.
Ош мэриясынын маалыматына ылайык, шаар башчысы Жеңишбек Токторбаевге Жалал-Абад облусундагы туугандары Toyota Land Cruiser 300 автоунаасын белек кылышкан.
Маалыматта айтылгандай, ал унааны жеке белек катары алуудан баш тартып, муниципалитеттин балансына өткөрүп берүүнү тапшырган.
Шаар мэринин сөзүнө караганда, "кызмат орду шаар тургундарына таандык, демек белек да түштүк борбордун кызыкчылыгы үчүн иштеши керек". Автоунаа шаардык кызматтардын ишин уюштурууда пайдаланылат.