МинКаб Бишкек мэриясына 95 автобус жана 42 атайын техника тапшырды
МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек мэриясына 95 жаңы автобустун жана 42 даана атайын техниканын ачкычын тапшыруу аземине катышты.
"Бүгүн биз Бишкек мэриясына 95 жаңы заманбап автобусту, ошондой эле 42 даана атайын техниканы тапшырып жатабыз. Бул коомдук транспортту жана шаардык кызматтарды жаңыртуудагы дагы бир маанилүү кадам. Ар бир транспорт каражаты жана техниканын ар бири – шаар тургундарына кызмат кылган маанилүү ресурс. Сактык менен жана туура пайдалануу, элдин ишенимин актоо – ар бириңиздердин түздөн-түз милдетиңиздер", - деп айткан ал, жаңы автобустар жана атайын техника шаардын өнүгүшүнө кошумча түрткү берерин, муниципалдык кызматтардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, алардын ишин жеңилдете турганын кошумчалады.





Youtong маркасындагы 12 метрлик автобустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын программасынын алкагында сатылып алынган. Бюджеттик каражаттардын эсебинен сатылып алынган 42 даана атайын техниканын ичинде авариялык бригадалык автомобилдер, самосвалдар, гидрокрандар, JAC T-6 автомобилдери, траншеялык виброкатоктор бар.