Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши иш алып барууда.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 09:29 чамасында аталган болжол менен көлөмү 7-8 миң куб метрди түзгөн кар көчкү түшкөн.