Түндүк-Түштүк жолунда кар көчкү түшүп, Арал-Казарман бөлүгү жабылды
Бүгүн Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман бөлүгүндө 243-296-чакырымдар аралыгына кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта көчкүнүн көлөмү такталууда. Жол эки тараптуу жабык. Тазалоо иштери министрликке караштуу №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Коопсуздукту камсыз кылуу максатында жерине атайын техника тартылып, жолду тазалоо иштери уланып жатат.
Кошумча маалымат берилет, - деп айтылат маалыматта.