Айрым ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар
Кыргызгидромет кызматы 10–15-март күндөрү туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү төмөнкү унаа жолдорунда күтүлөт:
- Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55–115-чакырымдарында;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 65–75-чакырымдарында жана Чапчыма ашуусунда;
- Красная Горка – Акташ унаа жолунун 0–3-чакырымдарында;
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда;
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201–205 жана 260–290-чакырымдарында, ошондой эле Көк-Арт ашуусунда;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда.
Адистердин маалыматына караганда, аталган жолдордо кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тайгак болуп муз тоңушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу айдоочуларга жолдо этият болуп, унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кем эмессактоо сунушталат.