Арашан–Чуңкурчак унаа жолу асфальтталат
Быйыл апрель айында Арашан–Чуңкурчак унаа жолу оңдолуп, асфальт төшөө иштери башталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жолдун 0–22-чакырым аралыгында кеңейтүү жана негизин даярдоо жумуштары толугу менен аяктады.
Белгилей кетсек, 2025-жылы бул тилкеде суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулуп, эки көпүрө реконструкцияланган.
Долбоор мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен каржыланып, иштерди №25 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө.
Арашан–Чуңкурчак жолу туристтик мааниге ээ негизги каттамдардын бири болуп саналат. Ал тоо лыжа базаларына жана эс алуу жайларына алып барат. Жолдун оңдолушу жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп, айдоочулардын коопсуздугун жогорулатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги туристтик объектилерге барган жолдордун абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууда.


