Барскоон–Бедел унаа жолу: тоннелдерди казуу иштери башталды

Барскоон–Бедел унаа жолу: тоннелдерди казуу иштери башталды

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жаткан Барскоон–Бедел автожолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Учурда изилдөө иштери толук аяктап, долбоорлоо дээрлик бүткөрүлдү. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштери жүрүүдө. Ошондой эле подрядчы тарабынан техника жеткирилип, бетон заводу курулуп, жумушчулар мобилизацияланды.

Курулуш иштери долбоорлоо менен катар жүргүзүлүүдө. Долбоордо каралган эки тоннелде активдүү иштер жүрүп жатат. №1 тоннелде 49 адис жана 55 техника иштеп, 15 метр казылды. №2 тоннелде негизги тоннелде 13,2 метр, ал эми параллелдүү штректе 12 метр казуу иштери аткарылды.

Автожолдун жалпы узундугу болжол менен 150 км. Ал Ысык-Көл облусунун түштүк жээгиндеги Барскоон айылын Кытай менен чек арадагы Бедел өткөрмө пункту менен байланыштырат.

Долбоордун алкагында 2 тоннель, 30дан ашык көпүрө (анын ичинде 2 эстакадалык көпүрө) жана коргоочу инженердик курулмалар курулат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү болжол менен 5 жыл.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги айрым мектептер өзгөчө инженердик ыкмалар менен курулууда

Бишкектеги айрым мектептер өзгөчө инженердик ыкмалар менен курулууда

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Бишкекте курулуп жаткан 20 мектептин иштерин текшерип, жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Айрым объекттер татаал шарттагы аймактарда жайгашкан. Алардын ичинде №94 мектептин 750 орундуу корпусу (Дордой), Достук айылындагы 750 орундуу мектеп, №32 мектептин 250 орундуу жана №46 мектептин 450 жана 650 орундуу корпустары

Баткенде үйү, унаасы камсыздандырылгандарга 1,3 млн сом төлөм берилди

Баткенде үйү, унаасы камсыздандырылгандарга 1,3 млн сом төлөм берилди

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов кырсыкка кабылган тургундарга жана мекемелерге Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун сертификаттарын тапшырды. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Лейлек районунун Көк-Таш айылынын тургуну Буузия Камалидиновага 450 миң сом берилди. Анын 6 бөлмөлүү үйү үстүбүздөгү жылдын 21-февралында электр зымдарынын кыска чыңалуусунан толугу менен күйүп кеткен. Ал эми Кадамжай районунда жол кырсыгына

Нарындагы "Кыргыз жүн" ишканасы өндүрүшүн кеңейтүүдө

Нарындагы "Кыргыз жүн" ишканасы өндүрүшүн кеңейтүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Нарын облусунун Миң-Булак айыл өкмөтүндө жайгашкан "Кыргыз жүн" жүндү кайра иштетүүчү ишканасына барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө министр өндүрүш процесси, колдонулган технологиялар жана даяр продукциялар менен таанышып, тармакты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. "Кыргыз

Англияда 6 айга иштөө үчүн эмнелер талап кылынат?

Англияда 6 айга иштөө үчүн эмнелер талап кылынат?

Англиядагы эмгек келишими 6 айга чейинки мөөнөткө түзүлөрүн "Биринчи радионун" түз эфиринде Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун Эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, Англияда иштөө үчүн англис тилин билүү милдеттүү шарт эмес, орус тилин билүү жетиштүү. Себеби, жумуш орундарындагы жетекчилердин жана супервайзерлердин көбү Чыгыш