Өлкө аймагында жолдор иретке келтирилип, коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканалары өлкө аймагындагы унаа жолдорунун абалын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Учурда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 220–269.9-чакырымдарында жол жээктерин кырып-сүрүү, суу өткөрүүчү түтүктөрдү тазалоо жана бузулган тилкелерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле 390–405-чакырымдарда жол жээктери таштандылардан тазаланып, бетон тосмолор иретке келтирилүүдө.
Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал — Казарман тилкесинде тоо бетинен түшкөн таштар тазаланып, айрым тилкелерде жол кеңейтүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, Нарын багытындагы айланып өтүүчү жолдордо эскирген жол белгилерин оңдоо жана алмаштыруу иштери аткарылууда.
Министрлик тарабынан жолдордун абалына туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп, айдоочулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер улантылууда.