Токтогул – Беш-Таш унаа жолунун 53 чакырымына асфальт төшөлөт

Токтогул – Беш-Таш унаа жолунун 53 чакырымына асфальт төшөлөт

25-мартта Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш сапары менен Токтогул районуна барып, Токтогул – Беш-Таш унаа жолунда жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Учурда жалпы узундугу 53 чакырымды түзгөн жол тилкесинде жер иштери башталган.

Буга чейин жолдун айрым бөлүктөрү гана асфальтталып, калган тилкелеринде жарандарга жана транспорт каражаттарына бир топ кыйынчылыктар жаралып келген.

Иш сапардын жүрүшүндө министр жол тармагында иштеген кызматкерлер менен жолугуп, аткарылып жаткан иштерди текшерди. Ошондой эле курулуштун сапатын камсыз кылуу жана иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Белгиленгендей, аталган жолдун асфальтталышы бир нече айылдын жашоочулары үчүн шарттарды жеңилдетип, транспорттук байланышты жакшыртат жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда автоунааларды кубаттоочу станциялар көбөйөт

Кыргызстанда автоунааларды кубаттоочу станциялар көбөйөт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Жунхай шаарында жайгашкан өндүрүштүк заводго жана ShuiFa Group корпорациясына барып, ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда Парткомдун мүчөсү, Шуйфа корпорациясынын директорунун орун басары Янг Бин менен жолукканын министрликтин маалымат кызматы билдирди. Тараптар энергетика тармагында кызматташууну тереңдетүү, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында Кыргызстандын Энергетика министрлиги

Бишкек шаарында мыйзамсыз валюта алмаштыруу фактылары аныкталды

Бишкек шаарында мыйзамсыз валюта алмаштыруу фактылары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн эки жаранга айып пул салынды.  (А.у.А. жана Ж.Д.К.) аттуу жарандардын ар бири - 17 500 сом өлчөмүндө айып пул чегерилгендигин Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Белгилей кетсек, өлкө аймагында валюта алмаштыруу

Кыргызстан аудиторлор реестри жаңы аудиторлор менен толукталды

Кыргызстан аудиторлор реестри жаңы аудиторлор менен толукталды

Кыргызстандын аудитордук уюмдарынын жана жеке аудиторлорунун реестри 2026-жылдын февраль жана март айларында үч компания жана алты адис менен толукталганын Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматы билдирди. Аудитордук иш жүргүзүү укугуна лицензияларды Бишкек шаарындагы "Гранд Аудит" ЖЧКсы, "Кей Аудит" ЖЧКсы жана "Трейгендер аудит консалтинг" ЖЧКсы алышты. Берилген

УКМК "Оргтехстройдун" башкы директору И.К.М кармалганын билдирди

УКМК "Оргтехстройдун" башкы директору И.К.М кармалганын билдирди

УКМК "өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн "Оргтехстрой" курулуш компаниясынын башкы директору И.К.М кармалды" деп билдирди. Маалыматта аталган мекеменин 1968-жылы туулган башчысы, Кыргызстандын жараны 24-мартта кармалганы, ал ишкананын негизги акционерлеринин бири жана иш жүзүндөгү ээси