Корумду–Балбай Баатыр жолунда асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө
Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай Баатыр тилкесинде жол курулуш иштери жигердүү уланууда. Учурда асфальт-бетон катмарынын экинчи катмарын төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Муну менен катар тротуарлардын жана веложолдун негизин даярдоо, ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган тилке 17 калктуу конуш аркылуу өтөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бардык техникалык талаптар сакталып, убактылуу жол белгилери орнотулган.
Маалыматка ылайык, реконструкциялоо иштери 2024-жылдын 1-апрелинде башталган. Долбоордо жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүү, тротуар жана веложол куруу, ошондой эле көпүрөлөрдү жана жер астындагы өтмөктөрдү куруу каралган.
2025-жылдын курулуш мезгили башталгандан бери 79,2 чакырымга асфальттын төмөнкү катмары, ал эми 20,7 чакырымга жогорку катмары төшөлдү. Ошондой эле көпүрөлөр менен жер астындагы өтмөктөрдүн курулушу дээрлик аяктады.


