Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды
Талас облусунда титулдук тизмеге кирген 61 чакырым унаа жолун куруу иштерине каражат бөлүнүп, иштер башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл облус боюнча жалпысынан 220 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Анын 61 чакырымы титулдук тизме аркылуу, ал эми 160 чакырымы "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча аткарылат.
Белгилей кетсек, быйыл эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Талас облусунда белгиленет. Ушуга байланыштуу жол куруу жана оңдоо иштеринин 70–80 пайызын 31-августка чейин бүтүрүү мерчемделүүдө.
Жолдорду жаңылоо аймактагы транспорттук инфраструктураны жакшыртууга багытталган.