Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-апрелинен тартып Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат.
Мэриянын маалыматына ылайык, Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилке жолду оңдоо жана кеңейтүү иштерине байланыштуу жабылат.
Долбоордун алкагында жолду кеңейтүү, жаңы тротуарларды куруу, сугаруу системасын орнотуу жана эки катмар асфальт төшөө каралган.
Бул иштер жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана жөө жүргүнчүлөр менен айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Шаар бийлиги тургундарды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга, маршруттарды алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду колдонууга чакырат.