Күн сайын 1300 автобус каттамда: талаштуу маалымат төгүнгө чыгарылды
Бишкек шаарында 400дөн ашык автобус каттамга чыкпай токтоп турат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы расмий билдиришти.
Ишкананын маалыматына ылайык, учурда коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат. Күн сайын линияга орто эсеп менен 1250–1300 автобус чыгууда.
Белгиленгендей, автобус паркын пайдалануу деңгээли 85%ды түзөт.
Мындан тышкары, 2025-жылдын ноябрь айында сатып алынган 95 жаңы автобус боюнча документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү жол-жоболор аяктагандан кийин, бул автобустар каттамга чыгарылат.
Жаңы автобустар ишке кирген соң, шаардык транспорттун мүмкүнчүлүгү дагы да жогорулай турганы белгиленди.