Түндүк–Түштүк жолу убактылуу ачылат
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунда коопсуздук маселелери актуалдуу бойдон калууда.
Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун жүрүшү жеринде текшерилип, бир катар көйгөйлөр аныкталды. Айрым тилкелерде таш кулап, кар көчкү жана күрткү баскан кооптуу аймактар бар экени белгилүү болду.
Учурда жолдун коопсуздугун камсыздоо максатында кошумча коргоочу курулмалар курулуп, тоо көчүп жана таш кулаган тилкелерди тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, долбоор 2014-жылы Кытай жана башка донорлордун (АБР, ИБР) насыя каражаттарынын эсебинен башталган. Курулуштун баштапкы этабында долбоордук иштер толук иштелип чыкпай калгандыктан, сапат маселелери жаралган.
Бүгүнкү күндө мамлекет кошумча каражат бөлүп, жолдун бүтпөй калган тилкелерин аяктоо жана кемчиликтерди жоюу иштерин жүргүзүп жатат.
Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен, жолду 2026-жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин убактылуу ачуу чечими кабыл алынды. Ошол эле учурда айрым кооптуу тилкелерде жүрүүдө этият болуу зарыл.
Маалыматка караганда, жол ноябрь айынан тартып 2027-жылдын май айына чейин кайра жабылат. Долбоорду толук аяктоо жана коопсуздукту камсыз кылуу 2028-жылга пландалууда.
Ошондой эле мурда бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары боюнча тиешелүү териштирүү иштери жүрүп жатканы маалымдалды.