Ысык-Көлдө жол курулуштары текшерилди
Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков иш сапары менен Ысык-Көл облусундагы жол курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Министрликтин маалыматына ылайык, ал буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышын текшерип, инвестициялык долбоорлордун жана жол тейлөө ишканалары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринде көрдү.
Жаныбеков алгач Балыкчы–Барскоон унаа жолундагы курулуш иштерин карап чыгып, “КЖК”, “Фирдаус”, “Арекс Строй” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканалары аткарып жаткан иштер менен таанышты.
Андан соң ал “Ала-Тоо Резорт” лыжа базасына баруучу жолду, Каракол–Эңилчек, Каркыра–Турук–Сары-Жаз унаа жолдорун, ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы айланма жолдун жана Корумду–Балбай жолунун реконструкциясынын экинчи этабын текшерди.
Белгиленгендей, Каракол–Эңилчек жолунун айрым тилкелерин жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялар куруп жатса, “Ала-Тоо Резортко” баруучу 8,5 чакырым жолду “Даян Строй” компаниясы аткарууда.
Иш сапардын жыйынтыгында Тариэль Жаныбеков подрядчы уюмдарга жана тиешелүү кызматтарга иштерди өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.


