BCG өкүлү менен Кыргызстандагы темир жол долбоорлору талкууланды
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев "Бостон Консалтинг Групп" компаниясынын өкүлү Андрей Лукьянов менен жолугушту.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда өлкөнүн темир жол инфраструктурасынын потенциалы, "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол линиясы жана "Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал" маршруту боюнча маселелер талкууланды.
Ошондой эле тараптар инвестициялык долбоорлорду коштоо жана аларга негиздеме даярдоо боюнча пикир алмашышты.
Министрлик "Бостон Консалтинг Групп" компаниясы менен биргеликте иш алып барууга даяр экенин билдирип, бир катар долбоорлорду сунуштоого макулдашты.
Мындан тышкары, тараптар узак мөөнөттүү жана туруктуу өнөктөштүктү түзүү үчүн кызматташуунун конкреттүү форматтарын талкуулашты.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы