Бишкекте рейд учурунда 30дан ашык унаа айып короого жеткирилди
Бүгүн саат 06:00дөн 09:00гө чейин Бишкек шаарында туура эмес токтотулган унааларды аныктоо жана тартипке келтирүү максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Иш-чарага шаар мэриясынын төрт административдик районунун өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Жол кайгуул кызматы, Муниципалдык инспекция жана “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын эвакуатор кызматтары катышты.
Рейддин жүрүшүндө жол эрежелерин бузуп, туура эмес токтотулган 30дан ашык унаа эвакуацияланып, айып короо жайына жеткирилди. Мындан тышкары, 10го жакын унаа ээлерине протокол түзүлдү.
Ошондой эле жашыл аймакка унаасын токтоткон эки жаранга ар бирине 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, тиешелүү чаралар көрүлдү.
Муниципалдык кызматтар мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде улантыларын билдиришти.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат. Айрыкча унааларды аялдамаларда, жол жээгинде жана жашыл аймактарда токтотпоого үндөйт.
Эскерте кетсек, унааны туура эмес токтоткон учурда 1000 сом айып пул каралган. Жеринде протокол түзүү 300 сомду, эвакуатор кызматы 1600 сомду түзөт. Ал эми жашыл аймакка токтоткон учурларда 5500 сом айып пул салынат.


