ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды
Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда.
Ушуга байланыштуу тиешелүү органдар такси айдоочуларын акыркы күндөрдү күтпөстөн, документтерин алдын ала даярдап, лицензияны өз убагында алууга чакырат. Учурда лицензия берүү иштери ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өлкө аймагындагы бардык бөлүмдөрүндө жүргүзүлүүдө.
Белгиленгендей, лицензиялоо системасынын негизги максаты — такси кызматын тартипке келтирүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарын азайтуу, техникалык кароодон өтпөгөн унаалардын иштөөсүнө жол бербөө жана айдоочулардын иш убактысын көзөмөлдөө болуп саналат.
ИИМ жарандарды мыйзам талаптарын сактоого жана лицензияны өз убагында алууга чакырат.