Ой-Тал тилкесине баруучу жол оңдолуп, көчөт отургузууга шарт түзүлдү
Орток токой чарбасы 2027-жылы Ой-Тал тилкесинин 100 гектар аянтына көчөт отургузат. Буга байланыштуу аталган тилкеге баруучу жол оңдолду.
Токой кызматы мамлекеттик органынын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 21 чакырым жолду "ДЭП-22" ишканасы акысыз оңдоп берди.
Белгиленгендей, аталган аракеттер көчөт отургузуу иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле токой чарбасынын кызматкерлеринин жана керектүү жабдуулардын аянтка оңой жетүүсүнө шарт түзөт.
Токой чарбасы мекемеси жолду оңдоп берген "ДЭП-22" ишканасына ыраазычылыгын билдирди.

