Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин инспекторлору Бишкектеги "Ак-Кула" жана "Бишкек" автобекеттеринде жүргүнчү ташуучулардын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Текшерүүдө унаалардын техникалык абалы, шиналары, өрт өчүрүүчү шаймандары, ошондой эле айдоочулардын лицензиялары, патенттери жана камсыздандыруу полистери каралды.

Мындан тышкары, айдоочулардын медициналык кароодон өткөндүгүн тастыктаган жол баракчалары жана автобустар менен микроавтобустардын бекитилген график боюнча жүрүүсү текшерилди. Расмий каттоосу жок жана коопсуздук талаптарын сактабаган ташуучулар да көзөмөлгө алынды.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-августуна карата өлкөдө Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо 853 автотранспорттук каттам катталган.

Жылдын алгачкы алты айында автобус жана микроавтобустар менен 296,8 млн жүргүнчү ташылган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,8%га көп.

Ал эми 10-августка карата жүргүнчү ташуучуларды текшерүүнүн жыйынтыгында 1 159 протокол түзүлүп, 1 млн 773 миң 500 сом айып пул салынган.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media