Бир жумада 28 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Бир жумада 28 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда 14-августтан 20-августка чейин, алдын ала маалымат боюнча, 28 367 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Алардын ичинен:

• тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 948;
• мас абалында унаа башкаруу — 519;
• унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 224;
• жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар — 873;
• транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 5 236;
• автоээнбаштык — 38;
• белгиленген ылдамдыктан ашуу — 2 119;
• жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 17;
• башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 15 073.

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 320 унаа айып короого киргизилди.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-тажик кесиптик бирликтери кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту

Кыргыз-тажик кесиптик бирликтери кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту

Кыргызстан менен Тажикстандын кесиптик бирликтер федерациялары кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашууга кол коюшту. Кесиптик бирликтер федерациясынан билдиришкендей, макулдашуу кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле эмгекчилердин эмгектик, социалдык-экономикалык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча биргелешкен иштерди күчөтүүгө багытталган. Тараптар эмгек мыйзамдары, эмгекти коргоо жана коопсуздук, социалдык өнөктөштүк, кызматкерлердин укуктарын коргоо боюнч

Бишкектеги "Дельфин" бассейни реконструкцияга даярдалууда

Бишкектеги "Дельфин" бассейни реконструкцияга даярдалууда

Бишкек шаарындагы "Дельфин" бассейнинин имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүү Жаш Гвардия бульварында жайгашкан имараттын учурдагы техникалык абалын аныктоо жана реконструкция иштерине байланыштуу жүргүзүлдү. Адистер объекттин техникалык документтерин карап чыгып, имараттын конструкцияларына комплекстүү инженердик талдоо жүргүзүштү. Текшерүүнүн

ИИМ: Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 миң сом берилет деген маалымат жалган

ИИМ: Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 миң сом берилет деген маалымат жалган

Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун атынан Эгемендүүлүк күнүнө карата жарандарга 5 миң сом өлчөмүндө бир жолку төлөм берилери тууралуу жалган маалымат таралууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жасалма жарыяда жарандарга атайын шилтеме аркылуу каттоодон өтүп, төлөм алуу сунушталууда. ИИМ мындай шилтемелерге кирбөөгө, жеке маалыматтарды, банктык реквизиттерди

25-августта Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт

25-августта Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт

25-августта Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда электр тармактарын оңдоо жана жаңылоо иштерине байланыштуу айрым жерлерде жарык убактылуу өчүрүлөт. Бишкек электр тармактар ишканасынын маалыматына ылайык, иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана авариялык өчүүлөрдү алдын алуу максатында жүргүзүлөт. Бишкек шаарында төмөнкү аймактарда: - 09:30–17:00 — Чүй проспектиси, №45, 47,