Сузакта Коммунизм – Жаңы-Дыйкан жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлдү

Сузакта Коммунизм – Жаңы-Дыйкан жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлдү

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Коммунизм – Жаңы-Дыйкан унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 6 чакырымды түзөт. Быйыл жолду толугу менен асфальттоо мерчемделген.

Учурда №52 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан иштер белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлүп, жолдун 4 чакырымына асфальт төшөө аяктады.

Белгиленгендей, жол толук асфальтталгандан кийин жергиликтүү тургундар үчүн каттам ыңгайлуу жана коопсуз болуп, айылдар ортосундагы транспорттук байланыш жакшырат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ошто узундугу 2,6 чакырымды түзгөн ири жол пайдаланууга берилди

Ошто узундугу 2,6 чакырымды түзгөн ири жол пайдаланууга берилди

Ошто Төлөнөв, Калмурзаев жана Атабаев көчөлөрүн Ишматов көчөсүнөн А. Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки аралыкта реконструкцияланган жол пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Жолдун ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, депутаттар жана шаар тургундары катышты. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 2650 метр, туурасы 22 метрди

Чүй облусунда быйыл 94 миңге жакын "акылдуу" эсептегич орнотулат

Чүй облусунда быйыл 94 миңге жакын "акылдуу" эсептегич орнотулат

Чүй облусунда электр жарыгын эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАС) киргизүү боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор санариптештирүү саясатынын алкагында жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда. 2025-жылы Чүй облусунда 102 миң 652 даана "акылдуу" эсептегич орнотулган. Ал

Кыргызстан менен Кытай соода багытынан өндүрүштүк кызматташтыкка өтөт

Кыргызстан менен Кытай соода багытынан өндүрүштүк кызматташтыкка өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргызстан – Кытай: биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда" аталышындагы инвестициялык форумга катышып, сөз сүйлөдү. Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, министр эки өлкөнүн мамилеси жогорку деңгээлдеги ишенимге негизделип, учурда бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып

Кеминде борбордук көчөнү көрктөндүрүү демилгеси ишке ашырылууда

Кеминде борбордук көчөнү көрктөндүрүү демилгеси ишке ашырылууда

Кемин шаарындагы Жибек-Жолу көчөсүн жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча долбоор даярдалып, ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорду Кемин шаарынын мэри Канболот Тутуевдин демилгеси менен Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору иштеп чыгышкан. Белгиленгендей, демилге жүзөгө ашкандан кийин калаанын борбордук көчөлөрүнүн