Бишкектеги жаңы автобекет ушул айда пайдаланууга берилет

Бишкектеги жаңы автобекет ушул айда пайдаланууга берилет

Бишкектеги жаңы автобекет сентябрь айында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев автобекеттин курулуш иштеринин жүрүшү жана объекттин даярдыгы менен таанышты.

Учурда курулуш иштеринин 95%ы аткарылды. Ички жасалгалоо иштери толугу менен аяктап, асфальт төшөө жана аймакты көрктөндүрүү иштери калды.

Жаңы автобекетте жүргүнчүлөр үчүн зарыл шарттар каралган. Анын аймагында соода түйүндөрү, аялдамалар жана унаа токтотуучу жайлар уюштурулат.

Объекттин жалпы аянты 30 миң чарчы метрди, ал эми автобекет жайгашкан жер тилкесинин аянты 16 гектарды түзөт.

Каныбек Туманбаев подряддык компанияга калган курулуш жана көрктөндүрүү иштерин белгиленген мөөнөттө сапаттуу аяктап, объектти расмий ачылышка толук даярдоо тапшырмасын берди.

"Объектини өз убагында бүткөрүү менен гана чектелбестен, бул жерде жарандар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү. Адамдар автобекетте болгон учурда эч кандай ыңгайсыздык жаралбашы керек", — деди ал.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media