Транспорт тармагына квалификациялуу кадрларды даярдоо күчөтүлөт

Транспорт тармагына квалификациялуу кадрларды даярдоо күчөтүлөт

Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, транспорт тармагын квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу маселеси талкууланды.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууга транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Кубанычбек Турганбаев катышты.

Транспорт тармагында жол жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, коопсуздукту камсыздоо жана заманбап технологияларды киргизүүгө байланыштуу инженердик-техникалык адистерге суроо-талап өсүп жатканы белгиленди.

Айрыкча автомобиль жана темир жол транспорту, жол чарбасы, транспорттук инфраструктураны куруу жана эксплуатациялоо, ташууларды уюштуруу, жол кыймылынын коопсуздугу, автоматика, байланыш жана маалыматтык технологиялар багытындагы адистерге муктаждык жогору.

Тараптар окуу программаларын тармактын талаптарына ылайыкташтыруу, студенттердин өндүрүштүк практикасын жакшыртуу, тажрыйбалуу адистерди окуу процессине тартуу жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга көмөктөшүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле министрликке жана ага караштуу уюмдарга керектүү адистерди максаттуу даярдоо мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.

Кубанычбек Турганбаев жогорку окуу жайлар менен кызматташууну күчөтүү маанилүү экенин белгилеп, негизги максат транспорт тармагын кесипкөй жана заманбап талаптарга жооп берген адистер менен камсыз кылуу экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media