Экономика
Таш-Көмүрдө 71,5 млн долларлык эки завод курулууда
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалым болгондой, Таш-Көмүр шаарында жалпы инвестициялык көлөмү 71,5 млн долларды