Экономика
20% жана андан көп киреше убада кылган компаниялардан сак болуу керек
Кыргызстанда айрым компаниялар жарандарга жылына 20% жана андан жогору кепилденген киреше убада кылып, акча салууну сунуштап жатышат. Бирок алардын тиешелүү лицензиялары же уруксаттары жок болушу мүмкүн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы эскертти. Мекеменин маалыматына ылайык, акыркы убакта жоопкерчилиги чектелген коомдор (ЖЧК)