Коом
Айгүл Жапарова: "Өлкөдө балдар онкологиясын каржылоо 200 эсеге өстү"
Өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова 21-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салууга арналган Дүйнөлүк саммитке катышты. Бул тууралуу биринчи айымдын Фейсбук соцтармагындагы баракчасына жарыяланды. Саммиттин алкагында балдар онкологиясы боюнча II эл аралык конгресс да уюштурулду. Айгүл Жапарова өз сөзүндө Кыргызстанда балдар онкологиясына өзгөчө көңүл бурулуп, акыркы жылдары бул