Дагы бир банк мамлекеттик кепилдик менен насыя бермекчи
«Бай Түшүм» Банкы ААК мамлекеттик кепилдиктер менен насыяларды бере баштайт. Тиешелүү келишим «Кепилдик фонду» ААК менен 28-майда түзүлгөнүн фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Аталган каржы мекемеси менен келишим түзүлгөндөн кийин, чакан жана орто ишкерлерди колдоо боюнча «Кепилдик фондунун» өнөктөш банктарынын саны он алтыга жетти.