Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке кирерин Айыл чарба министрлиги маалымдап, долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ички өндүрүштү көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортту арттырууга багытталганын белгиледи.

Долбоор мамлекеттик программа алкагында ишке ашырылып, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Негизги басым сүт, эт, жашылча-жемиш продукциясын кайра иштетүүнү кеңейтүүгө жана тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүгө жасалат.

Аймактар боюнча:

  • Нарын обулусу — 15 ишкана
  • Жалал-Абад облусу — 14
  • Ысык-Көл облусу — 12
  • Ош облусу — 9
  • Баткен облусу — 9
  • Чүй облусу — 8
  • Талас облусу— 8

Пландалган объекттер:

  • 10 соода-логистикалык борбор
  • 6 заманбап мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу кампа
  • 14 мөмө-жемиш кайра иштетүүчү ишкана
  • 8 сүт кайра иштетүүчү ишкана
  • 8 эт кайра иштетүүчү өндүрүш (анын ичинде 6 канаттуулар этин өндүрүүчү)
  • 5 дан азыктарын кайра иштетүүчү завод (ун, макарон, кондитердик азыктар)
  • 10 мал союу цехи
  • 5 жүн кайра иштетүүчү ишкана
  • 2 балык кайра иштетүүчү өндүрүш
  • 3 курама тоют заводу
  • 1 күрүч кайра иштетүүчү ишкана
  • 1 дары чөптөрдү кайра иштетүүчү завод
  • 1 минералдык суу өндүрүшү
  • 1 бал кайра иштетүүчү ишкана

Жалпы каржылоо көлөмү 6,2 млрд сомду түзөт. Каражат жеңилдетилген мамлекеттик насыялар, жеке инвестициялар жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу аркылуу камсыздалат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо объектилерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт. Суу өчүрүлө турган аймактар: • Алыкулов – Костанай – Муром – Садыгалиев – Лев Толстой

Ишкер Media
Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Кече Кара-Көл шаарында энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Электр станциялар” ачык акционердик коомунда кеңешме өткөрдү. Ага компаниянын башкы дирекциясынын өкүлдөрү, филиалдардын директорлору жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Кеңешменин жүрүшүндө “Электр станциялар” ААКсынын башкы директору Улугбек Мамыралиев компаниянын ишмердүүлүгү, негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөр, энергетикалык жабдуулардын учурдагы абалы, оңдоо иштеринин жүрүшү жана 2026–

Ишкер Media
Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

10-октябрда Кочкор темир жол бекетинде алгачкы жолу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын вагондоруна көмүр жүктөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүктөлгөн көмүр Бишкек шаарынын ЖЭБине жөнөтүлөт. Жүктөө иштери Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылындагы көмүр аянтчасында жүрүүдө. Ташуу үчүн жалпы сыйымдуулугу 1 000 тонна болгон

Ишкер Media
Бишкекте жол куруу үчүн аймактарды бошотуу уланып жатат

Бишкекте жол куруу үчүн аймактарды бошотуу уланып жатат

Бишкек шаарында инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан жол курууга жана жолдорду кеңейтүүгө тоскоолдук жараткан объектилерди демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, Чыгыш айланма жолду куруунун алкагында төмөнкү объектилер демонтаждалды: * “Шнос” май куюучу жайы — 2 000 чарчы метр жер тилкеси бошотулду; * Өндүрүштүк жана техникалык тейлөө

Ишкер Media