Экс-депутат Сергей Ибрагимов текшерүүдөн кийин мамлекеттин бюджетине өз ыктыяры менен 100 млн сом которду – УКМК

Экс-депутат Сергей Ибрагимов текшерүүдөн кийин мамлекеттин бюджетине өз ыктыяры менен 100 млн сом которду – УКМК

Мурдагы депутат Сергей Ибрагимов текшерүүдөн кийин мамлекеттин бюджетине өз ыктыяры менен 100 миллион сом которду. Бул тууралуу коопсуздук комитетинин (УКМК) маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сергей Ибрагимовдун компаниялар тобуна, каржылык мыйзам бузуулар, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери  жүргүзүлгөн. Натыйжада, эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган эмес.

«Бирок С.Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошууга ыктыярдуулугун билдирди», – деп билдиришет комитеттен.

Учурда жогорудагы сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулду.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке кирерин Айыл чарба министрлиги маалымдап, долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ички өндүрүштү көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортту арттырууга багытталганын белгиледи. Долбоор мамлекеттик программа алкагында ишке ашырылып, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Негизги басым сүт, эт, жашылча-жемиш

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Курулуш реестринде катталбаган объекттер аныкталды

Бишкекте курулуш реестрине катталбаган бир катар объекттер аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдирди. Алар төмөнкү даректердеги курулуш объектилер: * Жукеев-Пудовкин көчөсү 4;  * Гвардейский көчөсү 13, 13а, 15; * Горький көчөсү 72, 72а, 42; * Б. Юнусалиев көчөсү 10. Аталган объектилер боюнча куруучуларга жазуу түрүндө эскертүү, шаар куруу документтерин даярдоо жана

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды

Азербайджандан Кыргызсстанга 46 млн сомдон ашык каражатты алдап алган деп айыпталган жаран экстрадицияланганын Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, издөөгө алынган Т.Д. Баку шаарында кармалган. Зарыл болгон бардык процедуралар аяктагандан кийин ал ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилген. Учурда ал кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тергөө абагына камалды. Тергөө маалыматы боюнча, шектүү

Джидда-Ош авикаттамы 4-мартта кайра жанданат

Джидда-Ош авикаттамы 4-мартта кайра жанданат

4-марттан тарта Джидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар кайра жанданарын Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, бул чечим президенттин тапшырмасынын негизинде элчилик тарабынан Flynas авиакомпаниясы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган. Каттамдар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Биринчи кезекте мурда билет сатып алып,