«Кумтөрдүн» жумушчуларынын беш профсоюзу биригет
«Кумтөр» кенинин жумушчуларынын беш профсоюзу биригет. Бул тууралуу өткөн жумада «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын жетекчилери менен профсоюз өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылганын компаниянын маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, профсоюздар эмгек коллективинде жакынкы арада беш профсоюзду бир профсоюзга бириктирүү боюнча чогулуш өткөрүшмөкчү.
Компаниянын айтымында, бул кызматкерлерге бирдей шарттарды түзүп берет, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын көздөгөн маселелер боюнча кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.