Салык кызматынын электрондук кызматын 7 млн адам колдонду
Жыл башынан бери Салык кызматынын электрондук сервистерин колдонуучуларынын саны 7 млн адамга жетти. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.
2020-жылы сайттын кызматын – дээрлик 11 млн жолу, 2019-жылы – 8 млн жолу пайдаланышкан. 2018-жылы сайтка 6 млн пайдалануучу кирген. Бул 2017-жылга салыштырганда дээрлик эки эсеге көп.
Учурда www.sti.gov.kg сайтында мурдагы жылдардагыдай эле электрондук кызматтар, ошондой эле отчеттордун формасы, салык төлөөчүнүн кабинети, электрондук эсеп-фактуралар, билим базасы ушул сыяктуу жана башка кызматтар иштеп жатат.
Салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү электрондук кызматтарды кеңейтүүнүн эсебинен МСКнын сайтын пайдалануучулардын саны жыл сайын өсүүдө деп билдирет ведомствонун маалымат кызматы.