"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКы Жети-Өгүз районунда ири энергетикалык объекттерди куруу боюнча тендер жарыялады. Долбоордун жалпы баасы 702,8 млн сомго жакын деп бааланууда.

Тендердик документтерге ылайык, төмөнкү объекттер курулат:

  • Сары-Бел жайлоосунда 110/35/6 кВ көмөкчордону;
  • 110/10 кВ "Ак-Шыйрак" көмөкчордонунан Сары-Белге чейин 110 кВ аба электр берүү линиясы;
  • "Ак-Шыйрак" көмөкчордонунда 110 кВ ячейкаларын орнотуу.

Объект деңиз деңгээлинен 3 миң метрден жогору бийик тоолуу аймакта жайгашкан. Иштерди аткаруу мөөнөтү — 12 ай.

Тендерге арыздар 2026-жылдын 13-мартына чейин кабыл алынат.

Каржылык шарттар:

  • келишимди аткарууну камсыздоо кепилдиги — 5%;
  • алдын ала төлөм — 50%;
  • кепилдик мөөнөтү — 24 ай.

Талапкерлерге катуу шарттар коюлган:

  • акыркы 10 жылдагы окшош долбоорлор боюнча тажрыйбаны ырастоо;
  • 2024 жана 2025-жылдар үчүн финансылык отчеттуулук;
  • Кыргызстанда салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыз жок экендиги тууралуу маалымкат.

Учурда катышуучулар бир катар маанилүү маселелер боюнча түшүндүрмө сурашууда. Тактап айтканда:

  • долбоордун техникалык татаалдыгына байланыштуу арыз берүү мөөнөтүн 2026-жылдын апрелине чейин узартуу;
  • төлөм графигин конкреттүү этаптарга (жабдууларды жеткирүү, курулуш-монтаж иштерин аяктоо) байланыштыруу;
  • төлөм валютасын тактоо — эсеп-фактураларды доллар же кытай юаны менен берүү мүмкүнчүлүгү (Улуттук банктын курсу боюнча конвертациялоо шарты менен);
  • катаал климаттык шарттардан улам кыш мезгилиндеги сезондук чектөөлөрдү эске алуу.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media
Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media