Аймактарды өнүктүрүү фондунан түшкөн акча эми иш-чараларга жумшалат

Аймактарды өнүктүрүү фондунан түшкөн акча эми иш-чараларга жумшалат

Региондорду өнүктүрүү Фондунан түшкөн каражат эми аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынынын алкагындагы иш-чараларга жумшалат. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекске тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү долбоорду президент Садыр Жапаров бир күн мурда, 28-июнда жактырды.

Бул өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 27-майында кабыл алынган.

Түзөтүүлөрдүн максаты – пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен алектенген жеке же юридикалык жактардын төгүмдөрүнөн Региондорду өнүктүрүү Фондуна түшкөн каражатты эффективдүү колдонуу болуп саналат.

Документ расмий жарыяланган күндөн тартып, он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусунун өнөр жай өндүрүшү 355,8 млрд сомго жетти

Чүй облусунун өнөр жай өндүрүшү 355,8 млрд сомго жетти

Чүй облусунун өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 355,8 млрд сомго жеткенин облус башчысы Азамат Осмонов билдирди. Анын айтымында, облустун ички дүң продукциясы 205 млрд соомду түздү. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 12% өсүштү көрсөттү. “Биздин облус активдүү түрдө өнүгүп жатат. Мында кайра иштетүү, тамак-аш өнөр жайы, ошондой эле курулуш материалдарын чыгаруу

2 млн доллар менен качкан "КАП Кей Джи" компаниясынын жетекчиси кайда?

2 млн доллар менен качкан "КАП Кей Джи" компаниясынын жетекчиси кайда?

Kaktus.mediaга жүк авиажеткирүүлөр менен алектенген "КАП Кей Джи" компаниясынын кызматкерлери айлык маяналарын ала албай жатканын билдиришкен. 2026-жылдын 1-мартына карата эмгек акы боюнча жалпы карыз 1 млн 249 миң 783 долларды түзөт. Мындан тышкары, компаниянын дагы көп миллиондук карыздары жана аткарылбаган милдеттенмелери бар экени айтылууда. Жалпысынан 37 кызматкер

Кадамжайдагы Анхор каналы оңдолуп, пайдаланууга берилди

Кадамжайдагы Анхор каналы оңдолуп, пайдаланууга берилди

Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан Анхор чарба аралык каналынын 275 метр аралыгы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анхор каналы 1915-жылы пайдаланууга берилген жана Кадамжай районундагы негизги ирригациялык объекттердин бири болуп саналат. Ал Исфайрам-Сай башкы суу бөлүштүрүү түйүнүнөн суу алып, 3300 гектар сугат жерди суу менен

Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу жөнүндө макулдашуу колдоого ээ болду

Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу жөнүндө макулдашуу колдоого ээ болду

Бүгүн Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган макулдашууга 2025-жылдын 29-декабрында Бишкек