2 млн доллар менен качкан "КАП Кей Джи" компаниясынын жетекчиси кайда?

2 млн доллар менен качкан "КАП Кей Джи" компаниясынын жетекчиси кайда?

Kaktus.mediaга жүк авиажеткирүүлөр менен алектенген "КАП Кей Джи" компаниясынын кызматкерлери айлык маяналарын ала албай жатканын билдиришкен.

2026-жылдын 1-мартына карата эмгек акы боюнча жалпы карыз 1 млн 249 миң 783 долларды түзөт. Мындан тышкары, компаниянын дагы көп миллиондук карыздары жана аткарылбаган милдеттенмелери бар экени айтылууда.

Жалпысынан 37 кызматкер жабыркаган:

  • 34ү — Кыргызстан жарандары,
  • 2си — Россия жарандары,
  • 1и — Өзбекстан жараны.

Алардын айтымында, баары расмий түрдө жумушка алынган.

Компаниянын сайтындагы маалыматка ылайык, негизги багыт — батыш өндүрүшүндөгү Airbus A300B4 учагы менен туруктуу жана чартердик жүк ташууларды аткаруу.

Компания Монголиядан Өзбекстанга асыл тукум кой, эчкилерди туруктуу жеткирүү боюнча милдеттенме алган. Жалпы 60 авиакаттам аткаруу пландалган, бирок иш жүзүндө 11 гана рейс аткарылган.

Ошол эле учурда кызматкерлер аткарылган иши үчүн айлык алышкан эмес. Мындан тышкары, Улан-Батор эл аралык аэропорту, Навои эл аралык аэропорту жана Манас эл аралык аэропорту тарабынан берилген эсеп-фактуралар да төлөнбөй калган. Бул эсептер боюнча учурда туум эсептелүүдө.

Кызматкерлердин айтымында, 2025-жылдын январында "Авиакомпания "КАП Кей Джи" авиакомпаниясы" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана иш жүзүндө аны көзөмөлдөгөн адам Жамал Абдубеков компаниянын эсептеринен акча каражаттарын чыгарып, Кыргызстан аймагынан чыгып кеткен. Айрым маалыматтар боюнча, алынган каражаттын көлөмү болжол менен 2 млн долларды түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media