Бириккен Араб Эмираттарына аба каттамдары көбөйүүдө
«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы Бириккен Араб Эмираттарына аба каттамдарынын саны көбөйгөндүгүн кабарлады.
«Флай Дубай» авиакомпаниясы 2021-жылдын 25-июнунан баштап Дубай-Бишкек-Дубай маршруту боюнча дагы 1 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 14 каттам (күн сайын 2 каттамдан) аткарылмакчы.