ЕРӨБдүн аймактык директору алмашты
Айтен Рустамова Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) КРгы, Тажикстан жана Түркмөнстандагы аймактык директору болуп дайындалды. Ал КРнын баш калаасы Бишкек шаарында 2021-жылдын 1-сентябрынан тарта кызматына киришет. Бул тууралуу ЕРӨБдүн маалымат кызматы билдирди.
Рустамова айым: «Акыркы 4 жылдан бери иштеп келе жаткан Борбордук Азияда калганыма абдан кубанычтамын. Мен иштейм деп турган өлкөлөрдө ЕРӨБдүн билимине жана ресурстарына болгон муктаждык Covid-19 пандемиясынан кийин бир топ жогорулады. Мен бардык өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен тыгыз иштешип, бул экономикалардын бардыгын туруктуураак кылууга жардам бере турган жашыл, инклюзивдик, санариптик жана жашоону өзгөрткөн долбоорлорду колдоого алам», – деди.
ЕРӨБдүн КРгы, Тажикстандагы жана Түркмөнстандагы аймактык директору катары Рустамова Нил МакКейндин ордуна келет. МакКейн мырза банктын Лондондогу башкы кеңсесине башка кызматка кайтып барат.